Печать
Категория: Коом
Просмотров: 106

КТРКнын Коомдук байкоочу кеңеши президенттин басма сөз катчысы Галина Байтеректин арызын сынга алды. 

"Байкоочу кеңешке ушуга чейин мындай даттануулар келген эмес, болгондо да жогорку кызматты ээлегендерден. Галина БАйтеректин арызын мен байкоочу кеңештин катардагы мүчөсү катары басым сыяктуу кабыл алдым. Кат расмий келгендиктен аны караганга мажбур болдук. Байкоочу кеңештин дээрлик бардык мүчөлөрү таң калышты, айрымдары ачууланышты дагы. Журналист, болгондо да мамлекет башчысынын басма сөз катчысынын кесиптешинин үстүнөн даттанганы - нонсенс. Галина БАйтерек менен Жылдыз Уракунованын ортосунда Таласта жаралган жагдайды ошол жерден эле чечип алышса болмок. Бул иш учурунда жаралчу эле көрүнүш", - деди Нурия Айдабосунова. 

Ал бул иш Байтерекке абийир алып келбейт деп эсептейт. 

Эске салсак, Галина Байтерек КТРКнын Коомдук байкоочу кеңешине корпорациянын директорунун орун басары Жылдыз Уракуновага чара көрүүнү суранып, арыз жазган. Арызында Уракунова аны Таласка болгон иш сапары учурунда ачуу сөздөр менен урушканын айткан.