Печать
Категория: Коом
Просмотров: 120

"Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна (мындан ары - ФГМР) 290,3 млн. сом бөлүндү, анын ичинде “Азык-түлүк программасы” функциясына 220,0 млн. сом каралды. Бул каражаттар мамлекеттик материалдык резервди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууга жумшалат.

Азыркы учурда, Республиканын базарларында инвентаризация жүргүзүү жана базар бааларын турукташтыруу максатында ФГРМнын алдында азык-түлүктүн номенклатуралык запасын толуктоо милдети турат. Ал үчүн Экономика жана финансы министрлиги 318,4 миллион сом бөлдү.

Ошондой эле, социалдык мааниге ээ азык-түлүккө баанын өсүшүн ооздуктоо боюнча чараларды көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Базарлар Ассоциациясынын, тейлөө чөйрөсүндөгү ишканалардын өкүлдөрүнүн,  “Фрунзе”, “Глобус”, “Народный”, “Шекер” дүң сатуу борборунун, Кыргыз Республикасынын жеткирүүчүлөр ассоциациясынын (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) ж.б. катышуусунда бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында  социалдык маанидеги товарларга бааларды кармап туруу боюнча (ТД “Народный," ЖЧК “Глобус” жана жергиликтүү соода тармактары, "Партнер Кей Жи," ЖАК “Фрунзе”) макулдашылды. Келишим 2021-жылдын 9-мартында күчүнө кирген жана 2021-жылдын 1-июнуна чейин күчүндө болот.

Макулдашууга катышкан тараптар калк тарабынан туруктуу баада азык-түлүк товарларын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон аракеттерди жана чараларды көрүүгө милдеттенишет.

Келишимдин предмети - азык-түлүктүн 4 түрүнө бааны кармап туруу боюнча чараларды көрүү:

- күн карама майы (премиум сегментсиз)

- 1-сорттогу ун

- кум шекер (салмагы боюнча)

- 1-сорттогу ундан жасалган калыпка салынган нан.

Жеткирүүчүлөр келишимге кол коюлган күнгө карата түзүлгөн келишимди же келишимдин күчүндө турган мезгилде, ар бир соода уюму менен, товардын сатуу баасын кеклишимдин тиркемесинде көрсөтүлгөн өлчөмдө түзүүгө жана белгиленген убакка чейин бааларды көтөрбөөгө  милдеттенишет.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги келишимге кол койгон ишкерлерге көрсөткөн социалдык жоопкерчилиги үчүн ыраазычылык билдирет.

Келишим бизнес коомчулугунун башка өкүлдөрү үчүн да ачык.