Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун чечими менен 31-марттан тарта Жумалиевге карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы узартылды. Ал сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө 2021-жылдын 14-апрелине чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Эскерте кетсек, Кубанычбек Жумалиев коррупцияга шектелип кармалган.

Булак: Кабар