Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи май райондук башкармалыгынын башчысы Тунукбек Бектуров бүгүн, 31-мартта ишенимден кеткени үчүн кызматынан алынды. Эске салсак, ал буга чейин УКМК кызматкерлери тарабынан пара алып жаткан жеринен кармалган.
Аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Мамлекеттик салык кызматында коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу максатында мониторинг үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. Мындай фактылар ачыкталган кезде материалдар тез арада укук коргоо кызматтарына тийиштүү чараларды көрүүгө жиберилет.
Бирок тилекке каршы, мекеменин ичиндеги коррупцияга жана паракорчулукка каршы күрөштүн болуп жатканына карабай салык кызматкерлеринин пара алуу фактысы менен кармалган учурлары болууда.
Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги кызматкерлердин арасындагы коррупцияны ачыктоого кызыкдар жана кызматты алардан тазалоого бардык тийиштүү чараларды көрөт.