Печать
Категория: Коом
Просмотров: 169

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Тажикстандын Исфара районундагы Ворух анклавын Кыргызстандын Баткен облусундагы жерге алмаштыруу тууралуу билдирүүсүнө Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи жооп кайтарды. Ал эми расмий Душанбе азырынча бул билдирүүгө реакция жасай элек. 

"Тажикстан - эгемен өлкө, анын чек арасы  кол тийгис. Бизде тынчтыкты, эмгекти сүйгөн эл жашаган, адекваттуу өкмөтү жана мамлекет башчысы бар стабилдүү өлкө. Биз башка бирөөнүн жерине көз артпайбыз жана өз жерибизди да эч кимге бербейбиз. Менимче, Тажикстандын делегациясы өз элин жана кыргыз элин тийиштүү чечимдер кабыл алынгыча будуң-чаңга салышып, санааркатышпайт. Ворух бардык тарыхый документтерге, саясий жана географиялык карталарга  ылайык, анклав болгон эмес. Тажикстанга кайсы бир жерди кайтаруу тууралуу маселе жаралбайт", - деген Зарифи. 

Эске салсак, 16-17-мартта Тажикстан менен Кыргызстандын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясынын сүйлөшүүлөрү Согдий облусунун Гүлистан шаарында болгон.