Мамлекеттин бюджетине зыян келтиргендер “кустурулуп”, келтирген зыяндардын ордулары толтурулууда. Буга чейин коррупция менен айыпталып, кылмыш иши козголгондор камакка алынып, бирок кайра эле белгисиз себептерден улам эркиндикке чыгып кетишчү. Бүгүн андай эмес, кармалган коррупционерлер уурдагандарын мамлекеттин эсебине кайтарууда.

Мисалы, мыйзамсыз баюу боюнча айыпталып, кылмыш иши козголгон Оштогу белгилүү ишкер Ж.Атамбаев ѳлкѳ бюджетине келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн 100 млн. сом депозиттик эсепке которуп берди.

Жакында болсо, бюджеттик каражатты туура эмес сарптоо фактысы боюнча Бишкектин Ленин райондук администрация башчысы Чынасыл Чыныбаев кармалды. Чиновник Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуп жиберүү”) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында колго түшкөн.

Кармалган адам бюджеттик каражаттарды үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлердин бирине мыйзамсыз бөлүп бергени айтылууда. Аталган бюджеттик каражаттар Бишкектеги аймактардын бирин жакшыртууга багытталган болчу.

Кармалган аким УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити