УКМКнын  коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан өлкө бюджетине 100 млн. сом зыян келтирилгендиги аныкталды.

Маалым болгондой, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчилиги мамлекеттик органдарга тийешелүү обьектилерди мамлекеттик мүлктөрдү ижарага берүү боюнча укуктук-ченемдик актылардын талаптарына каршы келген негизде узак убакытка ижарага берип келишкен. Муну менен алар мамлекеттин кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыктарын жогору коюшуп, кызмат абалдарын кыянаттык менен пайдаланышкан.

УКМК учурда бул багытта иштерди жүргүзүүдө. Акчаны кымырган жетекчилер аныкталып, өөнөгөндөрү “кустурулат” деп ишенебиз.

Булак: “Майдан. kg” гезити