Ар кандай кылган кылмыштарына жараша жаза мөөнөттөрүн өтөп жаткандардын өлкө башчысы тарабынан ырайым кылынып, эркиндикке чыгуусу алардын жашоолорун жаңы барактан баштоого чоң мүмкүндүк. Болгону ырайым алгандар аны жакшы түшүнүшүп, кайрадан темир тор артына түшпөө үчүн жаман жүрүм-турумдан оолак болушса.
Акыркы 6 айда өлкөдөгү ЖАМК системасында жаза өтөп жаткандардын 500үнө президент тарабынан ырайым берилди. Президент Садыр Жапаров тарабынан 2021-жылдын 3 айында 1378 жаза өтөөчүнүн арыздары каралып, алардын 245инин өтүнүчтөрү канааттандырылган.
2020-жылдын 13-ноябрында президенттин м.а. Садыр Жапаров тарабынан 268 жаза өтөөчүгө ырайым берилген эле. Алардын 230у эркиндикке чыгарылса, 38инин жаза мөөнөттөрү кыскартылган.
Булак: “Майдан. kg” гезити