БУУнун билдирүүсүнө ылайык, Йемен, Түштүк Судан жана түндүк Нигерия мамлекеттеринин эли ачкачылыктан кыйын абалга кептелишти. Жардамга муктаж өлкөлөрдүн дээрлик бардыгы Африка өлкөлөрү экенине карабай, Ооганстан, Сирия, Ливия жана Гаити өлкөлөрүндө да абал жакшы эмес.

“Ачкачылыкка бүгүнкү күндө 34 млн. адам дуушар болду. Масштаб кеңейиши мүмкүн. Биздин милдет - көптөшүп жардам берип, кырдаалды жеңилдетүү чараларын көрүшүбүз зарыл. Жазгы айдап, себүү иштеринин көлөмүн көбөйтүп, жардам колдорун суналы. Ар кандай конфликттер, климаттык катаклизмдер, “Ковид-19” илдети ачкачылыктын болушун шарттап атат”,- деди БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башчысы  Дэвид Бисли.

Булак: “Майдан. kg” гезити