Ал Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын ыйгарым укуктарын убактылуу токтотууга байланыштуу.
Парламенттин депутаттары бул сунушту карашы керек.
- Буга чейин УКМК «Жергиликтүү сот» системасын ишке ашырууда жасалган кылмышка байланыштуу сотко чейинки тергөө иштери тууралуу жарыялаган болчу.
- Жогорку соттун төрайымы болуп Гүлбара Калиева 2018-жылы 22-сентябрда шайланган.
- «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалымат системасын иштеп чыгып, пайдаланууга берүү үчүн 2016-жылы Европа биримдигинин өкүлчүгү акча бөлүп берген.
Булак: Баракелде