Печать
Категория: Коом
Просмотров: 154

БШК 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоону жана Башмыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдумду өткөрүү менен бирге Конституциянын долбоорунун тексти басылган атайын гезит да чыгарат. Текст мамлекеттик жана расмий тилде, 1 млн. 100 миң нускада басылат.

БШК муну менен кандай максатты көздөгөндүгү түшүнүксүз. Мындай гезит тээ Конституциялык кеңешме ишин аяктагандан кийин эле чыгарылса, эл, коомчулуктун Конституциянын жаңы долбоору менен таанышууга кенен убактысы болмок. Ансыз референдум өтчү  күнү чыгаруу жөн гана бюджеттин акчасын асманга чачкандай эле болуп атпайбы…

Булак: “Майдан. kg” гезити