Печать
Категория: Коом
Просмотров: 151

Ички иштер министрлиги тарабынан 1987-жылы туулган Ысык-Көл облусунун жараны И.А. ири өлчөмдө алдамчылыкка шектүү катары кармалды. Анткени ал Каракол шаарын өнүктүрүүгө тендер аркылуу бөлүнгөн ири суммадагы каражатты алдамчылык жол менен ээлеп алуу фактысы боюнча айыпталууда.

2016-жылы И.А. 1989-жылы туулган жаран З.А. менен биргеликте “З.П.” (кыскартылган) компаниясынын директорун алдоо жолу менен ишенимине киришип,  андан соң каржылык махинацияларды жасашкан. Белгилүү болгондой, алдамчылар, башка ишкананын атын колдонушуп, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусун Башкаруу дирекциясынын балансынан акча каражаттарын уурдоону уюштурган.

2016-жылы Каракол шаарында тротуарларды жана ирригациялык тутумдарды куруу боюнча тендер өткөрүлүп, анда конкурстук комиссиянын  жеңүүчүсү “З.П.” компаниясы болгон. Андан кийин, буюртмачы менен подрядчиктин ортосунда курулуш жана реконструкциялоо жумуштарын жүргүзүү үчүн мамлекеттик сатып алуу келишими түзүлгөн. 2016 жана 2017-жылдары региондорду өнүктүрүү фонду тротуарларды жана ирригациялык тутумдарды куруу үчүн компаниянын эсебине акча каражаттарын которгон, биринчи транш менен 5 000 000 сом, ал эми экинчи жолу – 2 000 000 сом которулган. Алынган каражаттар андан ары иштөө үчүн туунду компанияга которулган. Кийинчерээк белгилүү болгондой, жаран И.А. (туунду компаниянын башчысы) өзүмчүл максаттарын көздөп, биргеликте иштөө келишимдерин бузган.  “З.П.” компаниясынын директоруна айтпастан Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусун Башкаруу дирекциясы менен келишим түзгөн. Ошол эле учурда, ал келишимди өзүнүн атынан (туунду компаниянын) эмес, "З.П." компаниянын  директорунун атынан кол койгон жана ошону менен бирге жоопкерчиликти башкы компаниянын башкы директоруна оодарган.

Айтылган объекттерде курулуш иштери ушул күнгө чейин жүргүзүлгөн эмес, жөн гана курулуш иштеринин көрүнүшүн гана  көрсөтүшкөн, ошондой эле жаран И.А. жана анын таанышы З.А. (чет өлкөдө жашырынууда) менен бирге акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алышып, өздөрүнүн муктаждыктарына коротушкан. Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке жалпы 7 000 000 сом зыян келтирилген.

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити