Печать
Категория: Коом
Просмотров: 92

29-мартта Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталды. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчилерден болуп вакцина сайдырды. Эмдөөгө кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулат. 75 миң адамга жеткидей 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген болчу.

Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, “Тез жардамда” иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет.

Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт.

Вакцина алгач Бишкек, Ош шаарлары жана Чүй облусунда жүргүзүлөт. Бишкекте 4 үй-бүлөлүк медицина бириктирилген борборунда жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунда 5 эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында № 1, жана № 10 үй-бүлөлүк медицина борборунда 2 пункт ачылган.

Ош шаарында алгачкылардан болуп Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Кыял Ташполотов жана Ош шаары жана Ош облусу боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Салтанат Орозбаевалар алышты.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга 150 миң вакцина келген болсо, анын 600 даанасы Ош шаарына берилген. Өлкөнүн бардык жеринде эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.

Салтанат Орозбаеванын айтымында, Ош шаарына Кытай Эл Республикасынын “Sinofarm” компаниясынын таасирдик күчү азайтылган бир дозалык “Veroseel” вакцинасы келген. Кыргызстанга бул вакцинанын алгачкы бөлүгү 2021-жылдын июнь айына чейин бекер таратылат.

Булак: “Майдан. kg” гезити