Европада, ал тургай бизге кошуна мамлекеттерде коронавирус илдети кайрадан күчөп жаткандыгы белгилүү жана жарандардын кыймылына чектөөлөр киргизилүүдө. Ал эми Кыргызстанда чектөөлөр азырынча киргизилбейт, бирок коомдук жайларда, эл көп чогулган жерлерде санитардык коопсуздук ченемдери күчөтүлөт. Мындай тапшырманы биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Республикалык ыкчам штабдын жыйынында жергиликтүү бийлик органдарына жана тармактык кызматтарга берди. Мындан аркы чаралар жергиликтүү бийлик органдары тарабынан аймактагы эпидемиологиялык абалдын деңгээлинен көз каранды түрдө кабыл алынат.
Ал белгилегендей, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус инфекциясынын өсүү ыктымалдыгына жараша медициналык мекемелердин даярдыгын үзгүлтүксүз негизде мониторингдөөсү зарыл.
“Дүйнө жүзү боюнча коронавирус оорусунун өсүүсү байкалууда, коңшу мамлекеттерде чектөө чаралары киргизилди. Биздин бардык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарыбыз жарандардын арасында оорунун күч алуусуна толугу менен даяр турушу керек. Мен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык штабдын бир катар маанилүү тапшырмаларын аткаруусу боюнча жетишсиз ишин белгилеп кеким келет. Ведомство биринчи кезекте медициналык мекемелердин медикаменттер, жеке коргонуу каражаттары, суюк кычкылтекти берүү тутумунун иштеши боюнча жабдуу менен камсыздалышы боюнча жүргүзүлүп жаткан ишти өзгөчө контролдошу керек. Бул талдоо ар бир саламаттык сактоо уюмунун чегинде үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүшү керек. Бул сиздердин күнүмдүк ишиңиздер. Сиздерге штаб сөзсүз түрдө бул тапшырмаларды бериши керекпи? Мен ар бир жетекчи жоопкерчилик жөнүндө унутпашын өтүнөм, шалаакы мамиле болбошу керек. Өткөн жылы пандемия күч алган мезгилде кетирилген кемчиликтерден жыйынтык чыгарыңыздар!”,- деди Артём Новиков.
Булак: “Майдан. kg” гезити