30 жылдан бери чечилбей келаткан кыргыз-өзбек чек ара маселелери жаңы бийлик келген үч айга жетпеген аралыкта 100% чечилгендиги белгилүү. Бирок карапайым калк, ошол чек ара аймактарында жашаган эл жагдайды толук түшүнбөшү мүмкүн. Ошондуктан Өкмөттүк делегациянын башчысы - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев менен биргеликте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кеңешмесинини жыйынтыгы боюнча элге маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзөт. 

Тактап айтканда, түшүндүрүү иш-чараларынын планына ылайык, өкмөттүк делегация башчысы жана атайын өкүл Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын чектеш аймактарына барышып, анда калк менен жолугушуу өткөрүп, кол коюлган Протоколдун жыйынтыктарын кеңири түшүндүрүп беришет.

Планга ылайык, кечээ Бирлик айыл аймагынын административдик имаратында Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айылынын жергиликтүү калкы менен “Чечме” участогу боюнча жолугушуу өттү. 

Ошол эле күнү саат 17.00дө Өзгөн райондук административдик имаратында Кемпирабад суу сактагычы боюнча Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун калкы менен жолугушуу өтөт. 

31-мартта саат 14.00дө Ала-Бука райондук административдик имаратында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорунун жергиликтүү калкы менен тилкелер боюнча жолугушуу өтөт.

Булак: “Майдан. kg” гезити