Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда биргелешип кызматташуунун актуалдуу багыттары талкууланды. Ошондой эле өлкөдөгү коомдук-саясий процесстер жана эпидемиологиялык кырдаал боюнча пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчысы ар кандай долбоорлор менен программалардын алкагында Кыргызстанга көрсөткөн көмөгү үчүн БУУга ыраазычылык билдирди.
Ал былтыркы октябрь окуясы өлкө тарыхындагы дагы бир бурулуш экенин, ага карабастан кыска убакыттын ичинде кырдаалды турукташтырып, конституциялык талаага алып келүү мүмкүн болгонун билдирди.
Садыр Жапаров бүгүнкү күндө өлкөдө кырдаал туруктуу экенин, Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдум өткөрүүгө даярдыктар көрүлүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен ушул транзиттик мезгилден ийгиликтүү өтөрүнө бекем ишенерин билдирип, БУУнун институттарына өлкөдө шайлоо процесстерин өткөрүүгө көмөктөшкөнү үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Садыр Жапаров белгилегендей, экономикалык, социалдык, сот жана укук коргоо чөйрөсүндө реформаларды ишке ашыруу, коррупция менен кылмыштуулукка каршы күрөшүү Кыргызстан үчүн биринчи кезектеги милдеттер болуп саналат.
Пандемиянын өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалга тийгизген терс таасирин белгилеген президент коронавирус жана анын кесепеттери менен каршы күрөшүүдө БУУнун колдоосуна үмүт артарын кошумчалады.
Конституциялык реформа темасына токтолгон мамлекет башчысы баш мыйзамдын жаңы долбоору кабыл алынса, бул өлкөдөгү тартипти чыңдап, аны андан ары өнүктүрүүнүн кепилдиги болот деген ишенимин билдирди.
Президент Садыр Жапаров ири масштабдуу коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүү үчүн өлкө жетекчилигинин бекем саясий эрки бар экенин айтты.
Өз кезегинде Наталья Герман БУУнун башкы катчысы Антонио Гутеррештин Борбордук Азия чөлкөмүндөгү, айрыкча, Кыргызстандагы процесстердин өнүгүшүнө кылдат байкоо жүргүзүп жатканын баса белгиледи.
Ал кыргыз тарапты эл аралык өнөктөштөрү менен биргеликте аргасыздан чет өлкөдө калган 79 баланы Ирактан кайтаруу боюнча гуманитардык операциянын ийгиликтүү ишке ашырылышы менен куттуктады.
БУУ бул тажрыйбаны жогору баалайт жана мындай иштерге жардамын уланта берет.
Наталья Герман берген маалыматтар боюнча, үстүбүздөгү жылдын жайында «Нью-Йорктогу контртеррористтик жумалык» аттуу терроризмге каршы акция өткөрүү пландаштырылган. Анда Кыргызстандын өз жарандарын мекенине кайтаруу боюнча ийгиликтүү тажрыйбасы кеңири чагылдырылат.
БУУнун башкы катчысынын атайын өкүлү өлкөдөгү алдыдагы шайлоо процесстери калктын бардык катмарынын катышуусу менен ачык-айкын өтөт деп үмүт артарын билдирди.
Мындан сырткары ал улуттук мыйзамдарды инвентаризациялоого, калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдө кызматташууга эксперттик жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгилеп, Кыргызстан менен БУУнун ортосунда адам укуктары боюнча биргелешкен кеңеш түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.
Жолугушуунун жыйынтыгында президент Садыр Жапаров Кыргызстан демократиянын, адам укуктарынын принциптерин, ошондой эле өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин аткара турганына дагы бир ирет ишендирип, айтылган бардык маселелер боюнча активдүү кызматташууга даяр экенин билдирди.
Булак: Баракелде