Печать
Категория: Коом
Просмотров: 149

Бишкектеги Ата-Түрк паркында курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу "Шаардагы парктар" муниципалдык ишканасынын директору Калича Умуралиев соцтармактагы баракчасына видео жүктөп, билдирди. Видеодо парктын аймагында имараттын курулуш иштери башталганын көрүүгө болот. 

"Парктын аймагында курулуш иштери жүрүп жатат. Бул эмне дегендик?! Өкмөт, президент, силер парктарды сактоого ниеттенбедиңер беле?!" - деди Умуралиева. 

Буга чейин да аталган парктын аймагынан жер тилкелери сатылган. Ал жерге мурдагы аткаминерлердин, саясатчылардын жоон тобу особняктарды куруп алышкан. Бул боюнчо коомчулукта нааразычылык, ызы-чуу жаралганы менен парктын аймагы кайтарылган эмес.