Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, ал алгач Чечме айылындагы булакка барды. Ал жерде жергиликтүү тургундар булак кыргыз тарапка тиешелүү экендиги боюнча кенен маалымат беришти.

Андан кийин Бирлик айыл өкмөтүндө эл менен жолугушуу уюштурулду.

 

  

 

 

  

 

 

Жергиликтүү тургундар 1960-1970-жылдары ашыкча суу өзбек тарапка бериле баштагандыгын, булактын жанында ата-бабалардын сөөгү жаткан көрүстөн бар экендигин айтышты. Булак жыл сайын май айында тазаланып, мал союлуп, бата кылынат. Бул булак боюнча өзбек тарап менен эч кандай талаш маселе болбошу керек.

 

 

Аталган булак Өзбекстан тарап менен талашка түшүп келе жатат. Буга чейин Чечме айылындагы булакты 2 өлкөнүн жарандары ынтымак менен пайдаланып келишкен. 80% суу Өзбекстанга агат. Айыл тургундары булактын Өзбекстанга өтүп кетүүсүнөн кооптонушат. Аталган булактын суусун 250 кожолук ичүүчү суу жана сугат суу катары пайдаланып келет. Бул булактан 2 арык кеткен. Бир арыктан кыргыздарга суу кетет. Экинчи арыктан өзбек элине суу кетет.

 

Село Чечме Кадамжайского района

Буга чейин булакты Чечме айылынын эли ашар жолу менен тазалап жатканда өзбек жарандары келип, өздөрүнө кетүүчү арыкты кеңейтүүгө аракет жасаган. Чечмеликтер арыкты кеңейтүүгө болбой турганын айтып, натыйжада пикир келишпестик болуп, ортодо таш ыргытуу менен коштолгон чыр чыккан. Өзбек тарап булак бизге таандык деп чыгышкан.

 

 

Булак: Турмуш