Печать
Категория: Коом
Просмотров: 128

Экс-депутат Исхак Масалиев Бишкек шаардык кеңешине шайлоого талапкерлердин айрым кылык-жоруктарына токтолду: 

"Үгүт иштери жүрүп жатат. Негизинен баары "жакшы". Бир партия добуш сатып алууга аракеттенип жатат, ага жөн гана эскертүү беришүүдө - бул ишиңди уланта бер, болгону билгизбе дегендей. Мени үгүт иштеринен тышкаркы бир нерсе жипкиртип жатат - бул же тиги талапкерлер командасы шаардыктарга карантин учурунда жардам беришкенин улам ЭСКЕРТИП жатышат.  Балким, ал чын, бирок ал кылган жакшылыктарынын кайтарымын азыр, добуш иретинде талап кылуу - жийиркеничтүү!" - деп жазды Масалиев соцтармактагы баракчасына. 

Эске салсак, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелге белгиленген.