Бүгүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка караганда, тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда 1…6°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 6…11°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -1° сууктан…+4° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо -3…-8 ° суук болот.