Бүгүн, 29-мартта өлкө аймагында ковид-19 илдетине каршы эмдөө башталды. Биринчилерден болуп саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана анын орун басарлары, андан кийин дарыгерлер алышты. Бирок министрдин вакцина алганына коомчулукта ишенбөөчүлүк жаралууда. Белгилей кетсек, вакцина Кытайдан келди. Буга дагы көпчүлүктө шектенүү пайда болду. Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев вакцина маселеси тууралуу мындай пикирин соцтармакка калтырды:
"Борбордук Азияда иштеп жана жашап жаткан чет өлкөлүктөр ковидке каршы кайсы вакцинага ишеним артышат?
Жакында еропалык эски таанышым менен сүйлөшүп калдык. Ал Борбордук Азияда үй-бүлөсү менен он жылдан ашуун убакыттан бери жашайт. Вакцинация тууралуу суроомо, россиялык Спутник вакцинасына ишенерин айтты. Анткени, орус илиминин тарыхы жүз жылдан ашат, бул жаатта ийгиликтүү иликтөөлөрдү жүргүзүп келген. Андан тышкары, көрсө Россия тарап Европага өздөрүнүн вакцинасынын тестеринин жыйынтыгы боюнча толук документация жөнөтүшүптүр. Аны менен катар патенттелген "Спутник V” вакцинасы Европанын алдыңкы өлкөлөрүнүн биринде өндүрүлө баштаптыр...
Борбордук Азиянын өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанда "Спутник V” вакцинасы менен эмдөө башталышын үй-бүлөсү менен күтүп жатканын айтты. Ойлоп көрсөм, айтканы жөндүү экен".