Акыркы учурда генерал наамынын оңду-солду берилип жатканы коомчулукта талкуу жаратууда. Айрым маалыматтарга караганда, учурда Кыргызстанда 154 генерал бар. Алардын 70и Акар Акаевдин доорунда пайда болсо, 50 генералды Курманбек Бакиев "катарга" кошкон. Өткөөл убактын президенти болуп бир жарым жыл бийликте отурган Роза Отунбаева 15 адамга генерал наамын берип жиберүүгө үлгүрүптүр. Атамбаев болсо алты жылда 10 генерал жараткан. Сооронбай Жээнбековдун үч жылы төрт адамга генерал чинин такты. Ал эми ушул жылдын январь айында шайланган Садыр Жапаров кыска убакытта 5 адамдын генерал "бактысын" ачты. Чакан өлкө үчүн 154 генерал өтө көптүк кылаарын саясат талдоочу Бакыт Бакетаев билдирди. Ал тынч күндөрдө генералдар жаандан кийинки козу карындай жайнап баратканына түшүнбөй калганын да белгиледи.
"Аскердик чиндин жогорулашынын олуттуу шарттары бар. Кудай сактасын, согуштук абал болбосо же кандайдыр бир аскердик кийлигишүүнү талап кылган кырдаалга тушукпасак, кайдан мынча генерал? Эмнеге таянып генералдардын санын тездик менен көбөйтүп жатабыз. Чындаса, ири держава Россиянын генералдарын биздин өлкөнүн генералдарынын санына өлкө аймагын, калкынын санына салыштыра келгенде бизде көптүк кылат. Генерал болуп отставкага кеткендерге жогорку пенсия чектелет. Жүз миң сомдун ары жагы. Бул бюджетке ашыкча салмак. Чинди каалагандай таратуунун алдында кайсы эмгеги, кандай кырдаалдын жыйынтыгы үчүн жана анын бюджетке келтирген чыгымы канча болот деген маселелерди да ойлонуш керек", - деди Бакетаев.