Печать
Категория: Коом
Просмотров: 98

"Сетевой маркетинг(пирамида)-кыргыздын шору! Жеке инсандарга суроом деле жок, өздөрү билишсин, бирок... Ошолорду колдоп, таратып, кишилерди тартып, элдин мээсин айландырган «жылдыздардын» жоопкерчилигин ким карап, ким көзөмөлдөйт? Публичный адамдар коомдун алдында өзүнүн ролун, ордун, жоопкерчилигин билип, кылган ишин талдашса жакшы болмок, бирок аттиң аттиң... Ушул ырчы-чоорчу, тапнымал адамдар афераны пропаганда кылып атышат, акча толосо ата-энесинен бери сатышат го уяты жоктор! Элдин алдында моралдык жоопкерчилиги, жеке абийири кантип уктатып атат буларды?

Сетевая пирамида-аферизм! Аны менен алектенгендер - аферисттер. Эсиңерге келгиле!", - деп жазды Рысгүл Акимжанова соцтармактагы баракчасына. 

Эске салсак, буга чейин эстрада ырчылардын бири "алтын батек" деп аталган батекти жарнамалаган. Ал батек бардык ооруларга дары экенин билдирген. Бирок ортопед дарыгерлер тез эле ырчынын калпын чыгарып, батектин эч кандай дарылык касиети жоктугун, тескерисинче ден соолукка залалын тийгизиши мүмкүндүгүн айтып чыгышты.