Тактап айтканда Конституциянын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пункту, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу» жөнүндө конституциялык мыйзамынын 27-беренесинин 1-2-бөлүктөрү жана Судьялар кеңешинин сунушу менен:

- Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна жөнөтүлгөн судья Аширов Жанышбек Сайдилаевичтин 5 жылдык мөөнөтү бүтүп, ушул жылдын 1-февралында ээлеген кызматынан бошотулганына байланыштуу кызматтык милдеттери токтотулду деп эсептелсин;

- Ош облусунун Ош шаардык сотуна жөнөтүлгөн судья Жалалова Марипат Шерматовнанын 5 жылдык мөөнөтү бүтүп, ушул жылдын 17-февралында ээлеген кызматынан бошотулганына байланыштуу кызматтык милдеттери токтотулду деп эсептелсин.

Булак: Баракелде