Бул тууралуу Аалымдар кеңешинин катчылыгынан "Азаттыкка" ырасташты. Маалыматка караганда, муфтийликке талапкерлерди караган Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын төрагасы Мамасабыр Досбол уулу 5-апрелге белгиленген курултайды жылдырууну сунуштап жатат. Ал сунуш колдоо таптыбы, жокпу азырынча белгисиз.
Эгер сунушту Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү колдосо, муфтий шайлоо кийинкиге жылат. Маселе азыр каралып жатканы белгилүү болду. Анын жыйынтыгы жана курултайды жылдыруу сунушуна эмне жүйө болгону, кийинки жыйындын мөөнөтү тууралуу кийинчерээк маалымат бериле турганы айтылды.
Аталган комиссия 17-мартта муфтийликке арыздарды кабыл алып, каттоону аяктаган. Муфтий болуу үчүн сегиз талапкер арыз берген. Алар:
1. Нурбек Токтогулов
2. Сайдамир Жээналиев
3. Султанали Гапуров
4. Убайдулла Сарыбаев
5. Шүкүр Исмаилов
6. Шакир Маматов
7. Нематилла Жээнбеков
8. Ниязали Арипов
Мындан тышкары Аалымдар кеңешине мүчө болууга 75 талапкер документ тапшырган. Ал эми Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 21 эсепчи катталган.
Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы документтерди карап чыккандан кийин 29-30-31-март, 1-апрель күндөрү талапкерлердин билим деңгээлин жана кесипкөйлүгүн текшерүү максатында сынак өткөрө турганы кабарланган.
Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгү, муфтийликке жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына сынак быйыл 17-февралда жарыяланган.
Быйыл 10-февралда УКМК мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевди башкармалыктагы мыйзамсыз финансылык иштер боюнча козголгон кылмыш ишине шектүү катары кармаган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 12-февралда жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.
11-февралда Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан арызын карап, канааттандырган. Азыр анын милдетин муфтийдин орун басары Жоробай Шергазыев аткарууда.
Булак: Азаттык