Печать
Категория: Коом
Просмотров: 91

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо талапкерлерге!

Биз, “Таза шайлоо үчүн” коомдук уюмдардын тармагынын активдүү жаштары, түштүк жана түндүк региондордун өкүлдөрүнүн атынан 2021-жылдын 23-24-мартында консультативдик  жолугушууга чогулуп, жынысы, дини же ынанымдары, расасы, этностук таандыктыгы, улуту же башка кандай болбосун иденттүүлүк белгилери боюнча басмырлоодон жана жалган көз караштан эркин коом үчүн экендигибизди билдирип, жамааттык билдирүү жасайбыз.

Биз шайлоо өнөктүгүн уюштурууда жана өткөрүүдө партиялардын/талапкерлердин катышуусунун маанилүүлүгүн аңдап түшүнөбүз, муну менен өз ара урматтоого, теңдикке жана ар бир адамдын кадыр-баркына негизденген жагымдуу жана тынчтык атмосферанын түзүлүшүнө өбөлгө болот.   

Биз талапкерлерден алардын аракеттери жана билдирүүлөрү адам укугун коргоону, өзгөчө пикир билдирүүлөрдүн эркиндигин жана басмырлоодон коргоону жана шайлоодо башка атаандаштарга карата кастык тилинде айтуулардан карманууну колдоого багытталгандыгына  ынанууну суранабыз. 

Таза жана калыс шайлоого жетишүүдө биз, жаштар талапкерлер төмөнкү принциптерге таянышын каалар элек: