Бүгүн, 29-мартта өлкөдө COVID-19 илдетине каршы эмдөө башталды. Биринчилерден болуп эмдөөдөн саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өттү. Эмдөө №7 үй-бүлөлүк медициналык борборунда жүргүзүлдү. Министр  өзүн жакшы сезип жатканын, эч кандай кооптуу жагдай жаралбаганын белгиледи. 

"Баары жакшы. Элибиздин саламаттыгы үчүн эмдөө жүргүзүшүбүз керек. Биринчи мен алдым, эми орун басарларым алышат. Андан кийин медициналык кызматкерлер эмдөөдөн өтө башташат", - деди министр. 

Ошондой эле, министр вакцина Кытайдан келгенине чоочулоонун кереги жоктугун түшүндүрдү. Айтымында, ал кылдат сыноодон өткөн жана дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн калкын эмдөөдөн өткөрүүгө колдонулуп жатат. Аны менен катар бир гана эмдөөдөн өтүү менен гана чектелбестен жарандар беткап тагынып, коопсуздук чараларын да көрүү керектигин белгиледи.