Кезинде Өзбекстан Кемпирабад суу сактагычын Кыргызстандын жерине куруп, сооротуучу компенсация катары Аксынын Кербениндеги аэропорт жайгашкан жердин бир бөлүгүн Кыргызстанга берген. Ошондон кийин аэропорт курулган. Ошону менен эки өлкө тең СССР деген империянын курамында болгондуктан, бул маселеге көп деле көңүл бурулуп, маани берилген эмес. Тарыхый чындык ушундай…
Ошол кезде Өзбекстан миңдеген гектар жердин ордуна биртке жерди берип, кыргыз тарапты «сооротуп, алдап» койгон болсо, Кыргызстандын бүгүнкү жетекчилери элди сооротуп атат. «Кемпирабад суу сактагычын Өзбекстан менен биргеликте пайдаланабыз» деп айтышууда. Бул эми жөн гана элди алдоо болууда. Бир нерсени баса белгилеп коелу, Кемпирабад суу сактагычын Өзбекстан гана пайдалана алат. Анткени, суу сактагычтан чыккан суу Өзбекстандын аймагын көздөй гана агат. Кыргызстан тарап пайдалануу үчүн суу жогору көздөй агышы керек. Бирок андай болбой тургандыгы аңкоого деле белгилүү го… Анда эмне, мотор менен сордуруп пайдаланыбызбы?
Айтайын дегеним, элди алдабай, сооротпой чындык айтылса…
Мирлан Дүйшөнбаев