Печать
Категория: Коом
Просмотров: 326

"Кайрадан гигантомания...

Биздин бийлик өлкөдөгү эң чоң ГЭС, наркы 2 миллиард доллардан ашуун каражатка бааланган "Камбар -Ата-1ди"  курууну каалайт. Болгондо да чөнтөгүндө бир сому жок туруп. Өзбекстандын акчасы менен. Бирок Өзбекстандын да акчасы жок. Алардын сырткы карыщы өлкөнүн ИДПсынын 60 пайызынан ашуунун түзөт. Бул шектүү келишим элдин ар кандай пикирин жаратууда... "Ким төлөсө ошол бийлейт"  деген накыл кеп бар.

Биздин бийлик гигантоманияны жактырат, Кумтөр менен да ушундай болгон. Биз эл аралык каржы институттарынын насыясынын жардамы менен бул ГЭСти өзүбүз деле куруп алмакпыз, ГЭстерди куруу боюнча тажрыйбалуу компанияларды жалдап.

Стратегиялык тармактар мамлекеттин эсебинде калышы керек. Газ чарбачылыгы жана мунайзат жеткирүү монополистке берилди. Биз бул товарларды көзөмөлдөй албай калдык..." - деп жазды экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов соцтармактагы баракчасына.