Мен Кампир-Абад суу сактагычынын ыты-жыты жок кезде ошол сайдын боюнда чоңойдум. Биздин К.Жакыпов атындагы мектеп-интернатыбыздын пионер лагери ошол сайдын боюнда болчу. Сайдан таш терип чыгып, лагерибиздеги дарактардын түбүнө тегерете тизер элек да, акиташ менен акилейт элек... Сайдын аркы бети Совет-Абад айылы эле. Кийин ал айыл Хан-Абад деген шаар, ал эми сай суу сактагыч болду да, бүт өзбектерге карап калды. Бул бир...
Асман тиреген плотинага келип тосулган суу көл болуп, жогору жактагы кыргыз жерин чайпай толду. Канчалаган кв.км. жерибиз суу сактагычтын алдында калды. Баарынан да кейиштүүсү, суу сактагычтын жогорку чеги Өзгөн шаарын тим алкымдап келип бүтөт. Ал жакты көрбөгөндөр элестете да албайт. Бул эки.
Эртең суу сактагыч тартылганда эмес, мөлт-калт болуп толгондо (оголе көп жерди ээлеп толгондо) "суу сактагычтын территориясы биздики деп чечилген", - деп өзбектер келип тосот. (Алардын психологиясын аралаш чоңойгон биздей эч кимиңер билбейсиңер). Ошондо чек арабыз (тикен зымдар) тим Өзгөндүн алкымынан тосулат. Бул үч.
Өзбектер "кол коюлган документ боюнча биздики" деп тикенек зымды тосуп жаткандагы кайран кыргызымдын реакциясын түк элестете албайм. (Бизди кечирбеген кийинки муун "Канжыгага баш байлабайт" деп ким кепилдик бере алат?!) Ошол учурдан Кудай сактасын. Бул төрт.
Улуу "Манас" эпосубузда айтылгандай:
"Тоо бузулуп, көл болор,
Көл бузулуп чөл болор..."
Көл бузулуп ошо чөл болгондо суу астындагы КЫРГЫЗ ЖЕРИ КЫРГЫЗДЫКЫ БОЮНЧА КАЛУУ КЕРЕК деген ой уктатпайт ушул күндөрү...
САДЫК АЛАХАН