Коррупционерлер менен күрөшүү улантылаарын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.
"Бир аткаминер мамлекеттин бюджетине 1 миллиард сом төгүп берди. Анын атын атабай эле коеюн, жакын арада ачык жарыялайбыз. Көп аткаминерлер мамлекетке келтирген чыгымдардын ордун толтуруп жатышат. Эгер коррупционер бюджетке келтирген чыгымды кайтарып берсе, аны бошотобуз. Анткени тергөө менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюлат. Ар бирин түрмөгө камай албайбыз. Эгер төлөсө бошотобуз, төлөбөсө төлөгөнгө мажбур кылабыз", - деди Ташиев.