Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасындагы талаш жерлердин баары такталды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди. 

"Ташкентте мамлекеттик чек аранын талаштагы 15 пайызын аныктаган келишим түзүлдү. Эми бизде башка талаш жер жок. Биз бардык маселеде бир пикирге келе алдык. Аймактарды алмаштыруу менен макулдаштык. Тараптар Орто-Токой жана Кемпирабад суу сактагычы, Унгар-Тоо боюнча да бир пикирге келдик", - деди ал.