Печать
Категория: Коом
Просмотров: 171

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы 100 пайызга чечилгенин билдирди. 

"Чечилбеген талаштуу жер калбады, өтө оор маселелерди карадык. Эки күндүк сүйлөшүүдөн кийин 8 миң гектар жер Кыргызстанга жазылды", - деди Ташиев. 

Эске салсак, башында Ташиев турган топ 23-мартта Өзбекстанга кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча барып, ал жакта 24-25-мартта жыйын болгон.