Печать
Категория: Коом
Просмотров: 102

Комитеттин басма сөз кызматы бүгүн, 26-мартта билдирген маалымат боюнча, коронавирус пандемиясы учурунда атайын жогорулатылган баада медициналык каражаттарды сатып алуу боюнча системалуу фактылар аныкталды.

«2020-жылдын май айында Саламаттыкты сактоо министрлиги эл аралык гранттар жана насыя каражаттары аркылуу жалпы суммасы 1,8 миллион АКШ долларына 67 жасалма желдеткич аппараттарды сатып алган. Ал эми алардын базар баасы 600 миң АКШ долларын түзгөн.

40 даана (ар бири 30 миң доллар) желдеткичтин баасы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин маалымат базасы боюнча 7900 долларды түзгөн.

Мындан тышкары 2020-жылдын сентябрь айында Саламаттыкты сактоо министрлиги ар биринин баасы 25 миң доллар болгон 27 даана жасалма желдеткич (балдарга ылайыкталган) аппараттарын сатып алышкан. Бирок алардын базар баасы 10 миң доллардан ашпайт.

Ушундай эле абал медициналык мекемелерге дем алууну колдоочу каражаттарды (концентратор) жана функционалдык керебеттерди жеткирүүдө болгон», - деп айтылат расмий маалыматта.

Бул иш Жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) менен каралып жатат.

Булак: Баракелде