"Табиятында эркектер аялдыкка алуу үчүн дене-бою чың, салмагы 5-10 килдей ашыкча, төшү берекелүү ургаачыны издейт. Подсознаниеде ушул аялдан жакшы урпак алынат деген маалымат турат да. СПА салонго баруу, татуаж, макияж жана башка балакеттер аялдардын өзүн өзү, бирин бири алдоо, өздөрүнүн маанайы үчүн эле болгон убарагерчилик. Үйлөнүүгө келгенде тыртайган арык дене, жезкемпир тырмак, бойолгон чач, бетке шыбалган ар кандай каражаттар жана башка толтура чыгымдуу иштер кыздардын өздөрүнө каршы иштейт..." - деп жазды журналист Нургазы Мусаев соцтармактагы баракчасына.