Печать
Категория: Коом
Просмотров: 145

Тилекке каршы, Бишкектин абасы булганыч бойдон калууда. 2019- жылы дүйнөдөгү эң абасы булганган борбор шаарлардын рейтингинде 16-орунда болсо, 2020-жылдын жыйынтыгы менен 8-орунду ээледи. Муну менен Бишкек абасы таза эмес делген Бангладеш, Пакистан, Индия, Монголия, Ооганстан, Оман, Катар өлкөлөрүнүн катарына кирди.

Эгерде шаардын бийлиги чукул арада кардиналдуу чараларды көрүп, Бишкектин үстүн ыштан тазалоо аракеттерин көрбөсө, жакынкы жылдары бул тизменин сап башын Бишкек ээлеп калбаса болду...

“Биздишайласаңар эле Бишкекти өнүктүрүп, гүлдөтөбүз, кыйратабыз” деп аткан партиялардын бирөөсү да бул маселени чечүүнүн реалдуу жолдорун айтканга жарашкан жок. Ал эми ушул эле рейтингге ылайык, абасы эң таза болуп ПуэртоРико, Жаңы Каледония, Виргин аралдары, Швеция, Финляндия, Норвегия жана Эстония өлкөлөрү табылган.

Булак: "Майдан. kg" гезити