"Токойду тереңирээк аралаган сайын отун ошончолук көп болот.... Кара-Суу районунун акими кызмат ордуна 74 талапкер ат салышып жатканын окуп калдым. Бирок мыйзам мындай "шайлоого" жол бербейт!

Премьер-министр ("Жергиликтүү администрация тууралуу" Мыйзамынын 14-беренесинин 3-пункту) үчтөн кем эмес талапкерди сунуштайт, а райондун депутаттары бирдиктүү жыйында ("Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу боюнча" 21-1-беренеси) ал талапкерлер боюнча сунуш беришет. Анан дагы мунун баары ваканция түзүлгөндөн кийин бир айдан кечиктирилбестен жүргүзүлөт. 

Мыйзамга кайдыгерликпи же катардагы соодалашуубу? Түшүнөм, жаңы жетекчилер жаңыча иштөөнү каалашат, бирок мыйзам деген мыйзам, аны бузууга эч кимге жол берилбейт. Мыйзамды өзгөрткүлө анда, анын үстүнө парламент да өтө эле "ийкемдүү" эмеспи", - деп жазды экс-депутат Исхак Масалиев соцтармактагы баракчасына.