Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеген чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдөн соң Ташкент шаарынан (Өзбекстандан) кайтып келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүк делегациялардын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча Протоколго кол коюлган. Анын мазмуну тууралуу кеңири маалымат бүгүн, 26-мартта Өкмөт үйүндө өтө турган басма сөз жыйынында берилет.

Булак: Баракелде