Бул тууралуу «Кабар» агенттигине ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эмдөө 29-мартта Бишкектеги медпукттардын биринде өтөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавируска каршы калкты эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталат. Учурда Ош шаары жана Чүй облустарына вакцинаны жеткирүү иштери аткарылууда. Ошондой эле илимий-техникалык адистер тобу тарабынан колдоо процесси жүрүүдө.

Республиканын бардык аймактарында медкызматкерлер үчүн тренингдер жүрүүдө.

Вакцина алгач Бишкек, Ош жана Чүй облусунда жүргүзүлөт. Бишкекте 4 үй-бүлөлүк медицина бириктирилген борборунда жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунда 5 эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында №8, №10 үй-бүлөлүк медицина борборунда 2 пункт ачылат.

Эске салсак, Кытай Кыргызстанга акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза «SinoPfarm» вакцинасын берген.

Булак: Кабар