Печать
Категория: Коом
Просмотров: 387

      2021-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында,  «Кадастр» МИ Сокулук филиалынын башчысынын орун басары Д.Б.Ж. жана укуктарды каттоо боюнча башкы адиси Т.А.А. кармалышты.
Такталгандай, аталган адамдар жер участогунун баштапкы документтерин атайлап жасалма жол менен жасап, андан ары жеке адамдарга кайрадан каттоодон өткөрүү үчүн аянтын 1,7 гектарга көбөйтүшкөндүгү аныкталды.
Аталган адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 17 миллион сомдук зыян келтирилген.

Кармалгандар УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тиешелүү тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Булак: Элгезит