Нооруз

Бүчүрлөнүп бак-дарактын бутагы,

Жер үстүнө гүл ачылып куунады.

Көтөрүлүп жашыл майсан күлмүңдөп,

Муздан да бошондуго суу дагы.

Күн менен түн теңелгенде белгилеп,

Жер жарылып, жаңылануу келди деп.

Баба Дыйкан Жер Энеден суранып,

Ыйык күндү назар кылды Нооруз деп.

Нооруз майрам Бабалардын ыйыгы,

Жер Энеге Баба Дыйкан сыйынды.

Түшүмүбүз мол болсун деп бул жылы,

Кыргыз элдин Ноорузу экен сыймыгы.

Ошол кезден Нооруз үнү айтылган,

Майрамдалып элим шаңга жаркыган.

Бабалардан улантылып келе жаткан,

Нооруз күндү куттуу кылып калтырган.

Умай Эне арча менен аластап,

Элибизди ар балээден каластап.

Жаңы жашоо, жаңылануу келди деп,

Жаңы жылым элибизди кылат даңк.

Жакшылыкты Теңир өзүң жалгагын,

Жарык күндү кеңиринен арнагын.

Жаңырган жаңы жылда эл-журттун,

Мал-жанын да аман-эсен кармагын.

Деп сыйынып келген экен Бабалар,

Жерин айдап, данын тилеп Аталар.

Жер Энеге сыйын берип алгачкы,

Үрөөн себип, айтылыптыр баталар.

Арпа, буудай, көжө менен сүмөлөк,

Боорсок, чакчак дасторкондо түрлөнөт.

Нооруз майрам куттуу болсун элиме,

Башыбыздан кетпесе экен бак-дөөлөт.

Сапар

Турмуш мени жыгам деди, болбоду,
Тизелетти жыга албады болгону.
Улам турсам кайра чалып капилет,
Ары серпип аракетин толгоду.

Алга бастым кадамдарым оңдодум,
Артты карап кылчаюууга болбоорун.
Билем, билем кадам шилтейм алдыга,
Мен тизелеп кайра туруп оңдолдум.

Сапарымды канча басам билбеймин,
Даңгыр жолум узактыгын тилеймин.
Кел сапарлаш чогу шилтеп кадамды,
Сени менен кадамдарым теңейин.

Бул сапарда жолугаарың билемин,
Арыш уруп сени издей бергемин.
Бул жалганда экөөбүздү кошпосо,
Сени менен чын дүйнөдө биргемин.

Баратабыз эскирип

Күндөрүбүз өткөн менен эскирип,
Күн бүгүнкү өттү мына кеч кирип.
Кырчын курак арткы эми сапарда,
Карылыкка узатабы жеткирип.

Жаштыгыңды өткөн менен эскерип,
Жалын кезек кармалбаарын деп билип.
Жүлүнүбүз ийилгенин байкабай,
Жана да баратабыз эскирип.

Азыр мына баратабыз эскирип,
Ал учурда турган элек секирип.
Азаматтуу каламын деп өмүрдө,
Анда мен жүргөн экем эсирип.

Убагыбыз өткөн менен эскирип,
Улан кез калбаарын биз бек билип.
Учурубуз аркабыздан  түрткөндө,
Улгайууга эгер койоор жеткизип.

Өткөн менен баратабыз эскирип,
Өтөөр убак келерин биз бек билип.
Өзүбүздү ыйман менен кармасак,
Өткөндөн соң тарых кылат жеткизик.

Жалгыз дебе!

Жалгызмынбы? Жалгыздыктын азабында
Жалгыз деп мени дайым талагыла!
Басынтып көпчүлүктүн арасында,
Басмырлап мени сен табаа кылба.

Ээ досум сен да мени жалгыз дейсиң,
Эгер билсең бир укуктуу сен мендейсиң.
Мейличи башкалары айта берсин,
Жүрөгүм тилингенин сен билбейсиң.

Жалгыз деп мени эмне кем дейсиңби?
Жээ эмне кемдүүлөргө теңейсиңби?
Жок тууганым андай айтсаң адашасың,
Жөн гана учурашып келбейсиңби!?

Ооба мен да бир кезде жаңылгамын,
Мүдүрүлдүм, аксадым, кагылгамын.
Айтчы сен, мүдүрүлбөс туяк барбы?
Тагдырдын сыноосуна кабылгандын.

Кем дебе тагдырдын бар сыноолору,
Не кылам ошол жашоо ыроолонду.
Айтпачы андан көрө башка кеп сал,
Мен билем, бир күнү бакыттуу болоорумду.

Билем тууган саналып күндөр өтөт,
Убакыт токтобойт, учуп көчөт.
Ооба бар менде дагы үмүт-тилек,
Сабырым ал күндөрдү дайым күтөт.

Жашоомдо балким мен жөн адаммын,
Көп нерсеге жетпей калган кадамым.
Билип кой мен сен үчүн бааланбасам,
Бир адамга мен бүткүл ааламмын.

Кечиргин

Катуу айткан эгер болсом кечиргин,
Мен эмнеден катачылык кетирдим?
Ооба балким сөздөрүбүз келишпей,
Сөз айтам деп жашырынып бекилдим.

Менден эгер бийик болсоң кечиргин,
Мен үчүн сен дал ошондой сезилдиң.
Бийиктөөгө эгер мүмкүн болбосо,
Анда эле мен ылдыйга секирдим.

Төмөн болсом сенден эгер кечиргин,
Керек эмес андай мага сезимдин.
Жөнөкөйлүк болгон менин мүнөзүм,
Кабылдабайм сенин андай эркиңдин.

Сүйө албасам мени анда кечиргин,
Мен балким төмөнүрөөк жетиммин.
Жалгыз гана сени ээрчип кете албайм,
Жакыны бар эгер билсең жетимдин.

Жер которуп кете албасам кечиргин,
Керемет бар эгер билсең жеримдин.
Муздак болуп сага турсам сезилип,
Жылуусумун ошол кичи элимдин.

Сүйөмүн деп айттың бирок кечиргин,
Сен үчүн мен бир жөнөкөй желиммин.
Кумарланып оюн кылып бүткөн соң,
Азап күндү бүтүн бойдон жедирдиң.

Мындан кийин эстебесем кечиргин,
Эрки болбойм эми сенин эсиңдин.
Жибер мени эркиндик бер эңсебе,
Алыс кылып, узак кылып кетиргин.

Унут мени суранамын кечиргин!
Сурайм сенден мен үчүн бир кечирим!

Жаз

Жамынып жылуулукту жазым келди,
Жалындап күн нуру да кубат берди.
Жаз күндөрү кереметти тартуулайсың,
Жылуулап нымдалышкан куттуу жерди.

Ачылып кышкы уйкудан кокту, бели,
Аймалап беттеримди жылуу жели.
Алдыда жаңылануу тартуулайсың,
Ашыгым сенде беле жаздын деми.

Жүзүмдү тосом жылуу күн демине,
Жандап басам өзүмдү жаз желине.
Жылуулукту бир сендеп мен билемин,
Жазды сүйсөм болбойбу жээ эмине?

Көрктөнүп көктөмдүн да көгүш өңү,
Көкөлөйт куштары да кызыл-көгү.
Көк шибер көтөрүлүп көркүн ачат,
Көпөлөк канаттарын күүлөп өзү.

Жылуу жазым сенсиң мага керемет,
Жаңыланып жердин үстү термелет.
Жашылданып айланабыз көрктөнүп,
Жазым келет жылуулукту жетелеп.

Канат Атанаев