Печать
Категория: Коом
Просмотров: 84

Бүгүн, 24-мартта премьер-министр Улукбек Марипов БУУнун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) башкы катчысынын милдетин аткаруучу Изабель Дюранд менен видео байланыш аркылуу баарлашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Анын жүрүшүндө бажы тутумун санариптештирүү маселеси талкууланып, бажыдагы тариздөө иштерине кетчү убакыт, коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартууга мүмкүндүк берүүчү жана өлкө бюджетин толуктоого шарт түзүүчү маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган тутумунун (ASYCUDA) бет ачары тартууланды.

Премьер-министр белгилегендей, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде бажы процедураларын санариптештирүү өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат.

«Өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсү жана соода, финансы, технология, инвестиция маселесин өнүктүрүү боюнча ЮНКТАДдын координациялык борбор катары ролун баса белгилеп кетким келет. Кыргыз Республикасынын өкмөтү сиздердин уюм менен ар кыл багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ишеним билдирет. Бир катар өлкөлөрдөгү «ASYCUDA» тутумунун ийгиликтүү ишке ашырылышы аталган тутумдун республикабызда ишке киргизүү мүмкүндүгү, биринчи кезекте бажы процедураларын башкарууну жакшыртып, бюджеттин киреше бөлүгүнө жагымдуу таасирин тийгизет деп ишенебиз. Биз «ASYCUDA» тутумун пайдаланууга кызыкдар экенибизди билдиребиз жана ЮНКТАД менен мындан ары кызматташууга ниеттенүүдөбүз», - деди Марипов.

Ал эми БУУнун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын баш катчысынын милдетин аткаруучу Изабель Дюранд бир катар багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө жана көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

  Булак: Баракелде