Ош шаарындагы “Сапат” Эл аралык билим берүү мекемесине караштуу “Курманжан Датка” лицейинин директору Шевкет Тутлар менен маек.
-Шевкет бей, сиздердин башталгыч мектеп качан ачылган? Анын максаты, багыттары кандай?
-Убакыттын өтүшү менен лицейдин материалдык-техникалык базасы кеңейип отурду. Заманбап спорт зал, ашкана, жаңы окуу корпусу, 500 орундуу актовый зал жана китепкана ишке киргенден кийин 2008-жылдан баштап 120 окуучуга ылайыкталган башталгыч класстар үчүн атайын бөлүм ачылды. Бул албетте жергиликтүү тургундардын суроо-талабын канааттандыруу максатында ишке ашты. Билим берүүнүн сапаты коомчулукту канааттандырган үчүн учурда башталгыч класстардагы окуучулардын саны кескин жогорулаганы байкалууда.
-Кыргызстандагы башка мектептерден эмнелери менен айырмаланат?
-Биринчи кезекте, заманбап технологияны айкалыштыруу менен ар бир окуучуга жекече мамиле жасайбыз. Окуучунун интеллектуалдык, көркөм эстетикалык жана дене тарбиялык өнүгүүсүн камсыздоого багытталган ар кандай тематикадагы иш-чараларды өткөрүп турабыз. Экинчиден, ата-энелер менен иштөө системабыз да жолго коюлган. Атап айтканда, лицейден билим-тарбия алган окуучулар илим-билимдүү, ыймандуу, дени сак, өз алдынча чечимдерди тез чыгара алган, жашоодо өз ордун таба алган, ар кандай компотенттүүлүктөргө ээ, жоопкерчиликтүү, технологиялык жактан сабаттуу жаштардын катарын толуктап, эл алкоосуна ээ боло баштады.
-Мектепте жаш балдардын натыйжалуу окуп, эс алуулары үчүн кандай шарттар түзүлгөн?
-Эл аралык жана мамлекеттик стандартта кандай суроо-талаптар коюлган болсо, алардын баарын сактап келе жатабыз. Мен учурдан пайдаланып балдарды китеп окууга шыктандыруу боюнча долбоорубуз тууралуу айткым келет. Атайын байгелерди уюштуруп, түрдүү сынактарды өткөрүп келебиз. Мисалы, кайсы бир китеп боюнча сынак жарыялап, он-лайн түрүндө тест алабыз. Бул ыкма жакшы мотивация берип жатат. Ошондой эле ар бир айдын жыйынтыгы боюнча эң көп китеп окуган окуучулар аныкталып, Грамоталар менен сыйланууда. Эртең мененки сабакка чейин 15 мүнөттүк китеп окуу салтыбыз бар. Кээде ата-энелер келип, окуучуларга жомок окуп беришет. Мына ушундай иш-аракеттер менен китеп окууга болгон кызыгууну жандандырып атабыз.
-“Сапаттын” билим берүү мекемесине тийешелүү башка мектептерге чет өлкөлөрдөн да мугалимдер чакыртылат экен. Сиздердин мектептеги билим, тарбия берүүчү персоналдын сапаттык курамы кандай?
-Билим-тарбия берүүдө сапаттык курам чоң роль аткарат. Бул багытта мугалимдердин билим-тажрыйбасына терең көңүл бурулат. Мезгил талап кылган жаңы технологияларды өздөштүрүү менен билим берүүнүн эл аралык стандарттагы усулдарын пайдалануу камсыз кылылган. Окуу мекемебиз дүйнөлүк алкакка тараган КЕМБРИДЖ билим берүү системасынын сертификатын алгандан бери эл аралык интеграцияга кеңири жол ачылды. КЕМБРИДЖдин талаптарын сактоо үчүн айрым предметтерди окутууга чет өлкөлүк мугалимдерди ишке тартканбыз. Ошондой эле өзүбүздүн мугалимдерди да Кембридждин талаптарына ылайык окутуп, адистик чеберчилигин арттырып атабыз. Бул албетте, жаш муунга мезгил талап кылган билимдерди берүүгө чоң өбөлгө болууда.
-Сиздер окутуп жаткан балдар башталгыч мектепти аяктагандан кийин билимдерин кай жерлерде улантышат? Ага кепилдиктер барбы же андан кийинкисин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша өздөрү тандашабы?
-Биздин билим берүү системабыздын эн жакшы артыкчылыктарынын бири – мектепти бүткөндөн кийин да алар менен тыгыз байланышта иш алып барганыбыз. “Окууну бүттүң, эмне болсоң ошо бол” деген түшүнүк бизде такыр жок. Бүтүрүүчү класстарга кесип тандоо, окуу жайларга тапшыруу, айрыкча чет өлкөлүк ЖОЖдорго тапшыруу боюнча кеңири семинарлар уюштурулат. Окууга өткөндөн кийин да алардын чет элде жашоо шартынан кабар алып, кандайдыр бир жардам керек болсо ошол өлкөдө окуп, иштеп аткан мурдагы бүтүрүүчүлөрүбүз аркылуу жардамдарды берип турабыз. Негизинен бизде окуган окуучулардын дээрлик баары жумуш орундары менен камсыз болуп, мыкты жерлерде иштеп атышат. Биз буга абдан кубанабыз.
-Ата-энелерди түйшөлткөн, бул - окутуу акысы. Ал азыр канча? Жыл сайын өсүп турабы?
-Бизде окутуу акысы соңку 4-5 жылдан бери дээрлик сакталып келе жатат. Айрыкча былтыртан бери пандемия болуп жалпы дүйнө жүзүндө экономикалык көйгөйлөр пайда болбодубу. Азырга чейин кымбатчылык процесси уланып келе жатат. Ага карабастан бааларды көтөргөн жокпуз. Экономикалык жактан кыйналып атсак да, ага карабай пандемия учурунда окуу акыларынан жеңилдиктерди уюштурдук. Мыкты окуган окуучуларыбызга бир топ жеңилдиктер каралган. Албетте, сапаттуу билим-тарбия дүйнө жүзүндө арзан бааланбайт. Биздин ата-энелерибиздин дээрлик баары муну жакшы түшүнөт.
-Сиздердин мектепте балдарга билим, таалим-тарбия берүүдө кандай принцип, баалуулуктар жетекчиликке алынат?
-Биз да жалпы орто билим берүүчү мектептер сыяктуу мамлекеттик билим берүү стандарты менен иш алып барабыз. Биздеги айырмачылыктардын бири катары - ата-энелер менен тыгыз байланышта, жекече иштөөгө аракет кылабызды айтсак болчудай. Бул үчүн түрдүү ийримдер, китеп окуу жарыштары жана психологдордун курстары уюштурулуп турат. Ата-энелер үчүн гана эмес, жалпы билим берүү процессинде бул ийримдердин пайдасы көп экенин мезгил көрсөтүүдө.
-Балдарга билим берүүнүн сапатын арттыруу үчүн алдыда кандай план, максатыңыздар бар?
-Буюрса материалдык-техникалык базабызды дагы да чыңдоонун үстүндө иштеп атабыз. Жакында китепкана жана ашканабызды дагы да заманбап деңгээлге чыгарууну пландап атабыз. Ошондой эле окуучулардын ыргактуу кыймылы үчүн ритмика кааналары ачылган жана робототехника каанасын ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Оюн аянтчасын жаңылайбыз. Учурда иштеп жаткан 11 ийримдин ичинен шахмат, футбол, бий, таэквондо жана сүрөт багыттары боюнча профессионалдык группаларды ачабыз. Алар аркылуу эл аралык сынактарга катышып, өлкө намысына жарай турган окуучуларды чыгарабыз. Мындан сырткары, тажрыйба алмашуу максатында окуучулар менен мугалимдерге жана билим, тарбия процессине активдүү катыштыруу үчүн ата-энелерге ар түрдүү экскурсиялар уюштурулат. “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси дүйнөнүн алдыңкы окуу жайлары менен кызматашуунун алкагында бүтүрүүчүлөрүбүз АКШ, Италия, Гонконг, Корея, Польша, Венгрия, Россия жана коңшулаш Казакстандын окуу жайларында акысыз билим алууга жетишүүдө.
Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: "Майдан. kg" гезити