Печать
Категория: Коом
Просмотров: 133

Ош облусунун Араван районунун жашоочулары өлкө жетекчилигине кайрылып, райондун аймагындагы цемент заводу боюнча нааразычылыктарын билдиришип, чара көрүүнү суранышты. Алардын айтымдарында, Аравандагы цемент заводу экологияга чоң зыян келтирүүдө.

Кайрылууда айтылгандай, завод жергиликтүү коомчулук менен тыгыз иш алып барышы керек, бирок заводдун жетекчилиги тарабынан эч кандай иштер жүргүзүлбөй келүүдө. Ишкана көптөгөн зыяндуу таштандыларды чыгарат, ошол эле мезгилде жергиликтүү элге компенсация төлөбөйт. Ошол себептен көз карандысыз экологиялык экспертиза жүргүзүп, коомдук-мамлекетик комиссия түзүү кажет. Мындан сырткары, завод жергиликтүү элге жардам көрсөтүү иштерин да жүргүзбөйт.

Албетте, элдин нааразылыгы жөндүү. Эл айтты, эми өкмөт эмне чара көрөт? Ал эми заводдун ээси, ЖК депутаты Азамат Арапбаев элдин үнүн эске алабы? Же “колуңардан келгенине кылып алгыла” деген мамиле кылып коебу?

Булак: "Майдан. kg" гезити