2019-жылдын 10-ноябрында Түркиянын Стамбул шаарындагы Фатих районунда кытайлык ишкер Айеркен Саймаити киши колдуу болгон. Анын аты ошол кезде Кыргызстанга таанымал болуп калгандыктан өлүм сырын иликтегендер көп болду. Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылган 700 миллион доллардын сырын ачкандан көп өтпөй белгисиз бирөөлөрдүн колунан өлүм тапкан.
Эми интернетте түркиялык Sabah басылмасына таянуу менен ал кылмыштын бети ачылганын тастыктаган маалыматтар пайда болду.
"Бул кылмыш "Тахрир Эль-Хам" террордук уюмунун мүчөлөрү тарабынан жасалган. Шектүүлөр Адана шаарында Сирияга качууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган. Кыргыз жарандары Хусейн Ахметалиев, Абдулла Энвер жана сириялык Али Исбех Стамбулга жеткирилген. Сурак учурунда Абдулла Энвер террордук уюмдун мүчөсү болгонун жана башчысынын буйругу менен адам өлтүргөнүн айткан. Ар бири 50 миң доллардан алмак", - деп жарыяланды интернетке.