КМКнын Антикоррупциялык кызматы өз ишин улантууда. Аталган кызматтын иликтөө, тергөө иштеринин жыйынтыгында КР Президентинин жана өкмөтүнүн Иш башкармалыгына тийешелүү “Ала-Арча” мамлекеттик коругу” мамлекеттик мекемесинде коррупциялык иштердин орун алгандыгы аныкталды.
Атап айтканда, “Ала-Арча” мамлекеттик коругунун карамагында кармалган малдардын эсебин алуу үчүн алардын реалдуу эсеби менен документтеги эсепти салыштыра келгенде, 39 жылкы жана 26 топоз жетишпей тургандыгы анык болгон. Иликтөө иштери коруктун жетекчилиги тарабынан жүргүзүлгөн мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке 3,7 млн. сом зыян келтирилгендиги белгилүү болду.
Учурда УКМК тарабынан тергөөоперативдик иштер жүргүзүлүүдө, жакынкы күндөрү аталган малдарды кимдер “өздүктөп” алгандыгын билип калабыз.
Булак: "Майдан. kg" гезити