“Мыйзамсыз байыган” деп айыпталып, камакка алынган Жогорку Соттун судьясы Камиль Осмоналиев коюлган күнөөлөрдү моюндап, мамлекетке келтирген 114 млн. сом зыяндын 70 млн. сомун төлөп берди. Калган 44 млн. сомду 3 айдын ичинде төлөп берүүгө милдеттенме алды. Муну менен ал эч жакка чыкпоого милдеттендирилип, абактан чыгарылды. Минтип уурдап, кымырып, мамлекеттин бюджетине зыян келтирип, коррупцияга малынгандардын кармалып, камалып, “кустурулуп” жатканы жакшы көрүнүш. Бирок ошол эле мезгилде укуктук жактан алганда, бул канчалык туура жаза (?) деген суроо пайда болбой койбойт. Мындай көрүнүш: “уурдай берейин, коррупциялык иштерди кыла берейин, кармалсам кайтарып берем, болбосо уурдагандар өзүмдө калат”- дегендей өнөкөткө айланбайбы? Андай болбойт дегенде эч кандай кепилдик жок. Анын үстүнө бул нерсени тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен бекитип да коюшту. “Уурунун орду түрмөдө”- деген принциптер иштебей калабы? Бул коррупция менен күрөшүүгө оң таасир этпей эле тескерисинче андан бетер күчөтпөйбү?

Демек, коррупция менен айыпталып, кармалып, кылмыш иши козголгондор уурдагандарын кайтарып эркиндикке чыгышып, темир тор артынан кутулуп кете турган болушса, анда алар андан кийин мамлекеттик кызматтарда иштей албай, депутаттыкка талапкерликтерин коё албай тургандай болушу зарыл. Ансыз коррупционерлерге каршы жазанын мындай түрү аларды чочутпай эле кайрадан коррупциялык иштерге түртө берерин бөркүбүздөй көрөлү. 

Булак: "Майдан. kg" гезити