«Ак калпак» саясий партиясынын лидери Улукбек Маматаев:

- Мен коомдук жана саясий ишмер катары буга чейин президент Садыр Жапаровдун алгачкы кадамдарына ыраазы болбой, оппозициялык позицияны карманып жаткам. «Манастын уулу Семетей» кино фильмине колдоо көрсөтүп, Кыргызстанды эл аралык аренага алып чыгып, элибиздин рухун көтөрүп, улуттун байрагын бийиктетүүчү долбоорду колго алганына кубанып, чын ниетимден  ыраазы болдум. «Манас», «Семетей», «Сейтек» Кыргыз элинин, улутунун дүйнөлүк улуу шедеври, сыймыгы. Дүйнөдө  мындай улуу, керемет эпос, теңдешсиз чыгарма жок. Манас, Семетей, Сейтек деп туу тутканыбыз менен чындыгында дээрлик көпчүлүк эл, асыресе азыркы жаштар ал чыгармаларды окуган эмес, спектаклдерин көргөн эмес. Кино азыркы мезгилдин эл тегиз, толук көңүл бурган, маалымат алуучу эң башкы булагына айланган учурда улуу чыгарманы киного айлантууга «Президент жана бомж», «Москва сүйүүсү», «Миллионердин сүйүүсү», «Төңкөрүш» аттуу популярдуу тасмалардын сценаристи жана продюсери Өмүрзак Төлөбековдун киришкени  жана аны мамлекетибиздин башчысы Жапаров  өзү колдоого алгандыгы жалпы журтубуз кубаттоочу мыкты окуя болду.

Продюсердин билдирүүсүнө караганда тасма бир канча өлкөнүн киночулары тарабынан биргелешип тартылып, эл аралык прокатка чыгарылат. Тагыраак айтканда, көптөгөн мамлекеттерде дүйнө коомчулугуна көрсөтүлөт. Бул чындыгында жамы элибиз алкоого алуучу жана жабыла кубаттоочу жаркын жөрөлгө. Ошон үчүн саясий позициябыз келишпегенине карабай президентибиздин бул саамалыгын кош колдоп кубаттап, саясий нааразылык сезимдер ыраазылыкка айланып тургандыгын баса белгилемекчимин. Бул улуттун, мамлекеттин аброюн көтөрүүчү улуу жумуш болмокчу.