Печать
Категория: Коом
Просмотров: 98

Бул тууралуу мамлекеттик айыптоочулардын тобунда айтылат.

Алардын маалыматы боюнча, бүгүн Жогорку сотто отурум болгон. Сот отурумунда жактоочу Р.Садыкованын соттолуучу А.Салянованын кызыкчылыгы үчүн берген өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылып, Ленин райондук сотунун, Бишкек шаардык сотунун чечимдери, КРнын Жогорку сотунун токтому жокко чыгарылып, кылмыш иши жаңыдан кароо үчүн Ленин райондук сотуна жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, А.Салянова кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга күнөөлүү деп табылган. Атап айтканда, 2010-жылы юстиция министри болуп турганда Алексей Елисеевдин жактоочулук лицензиясын мыйзамсыз узартып берген. Сот аны кызы 14 жашка чыкканга чейин 5 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Булак: Кабар