Жыйындын күн тартиби (өзгөрүүлөр болушу мүмкүн):

1. Жогорку Кеңештин депутаты Осмонов Айбек Жапаровичтин ант берүүсү;

2. Жогорку Кеңештин 2020-жылдын 9-декабрындагы №4221-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Эмгек кодексине, “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө”, “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты;

3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет), демилгечи – өкмөт;

4. “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет), демилгечи – өкмөт;

5. “Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоонун алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет), демилгечи – өкмөт;

6. “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет), демилгечи – өкмөт;

7. “Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору (экинчи окууга киргизилет), демилгечи – депутат Мамашова А.Т.;

8. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жазык кодексине, “Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет), демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Баатырбеков А.Б., Айдаров С.А., Алтынбеков А., Ормонов У.З., Матраимов И.И., Алтыбаева А.Т., Зулушев К.Т.;

9. “2015-жылдын 18-ноябрындагы №29-VI “Жогорку Кеңештин ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

10. “Кыргыз Республикасындагы мунай газ тармагынын абалы жана күйүүчү-майлоочу материалдардардын баалары жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

Булак: Баракелде